«Окуу жайдын ишмердүүлүгүн коомчулукка жеткирүү жана социалдык өнөктөштүктү бекемдөө» деген темада тегерек стол өткөрүлдү .Тегерек столдун максаты : Окуу жай менен социалдык өнөктөштөрдүн тыгыз кызматташуусу менен бирдикте эмгек рыногу талап кылган компетенттүү, кесипкөй адистерди даярдоо. Тегерек столго иш берүүчүлөр, камкордук кеңешинин мүчөлөрү,колледждин бүтүрүүчүлөрү жана окуу жайдын бардык окутуучулары катышты.Тегерек столдо окуу планы иш берүүчүлөрдүн катышуусу менен талкууланды. Ошондой эле, камкордук кеңешинин аткарган иштери жана Ысык-Көл жана Нарын областтарынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуучу борбору жөнүндө кеңири маалымат берилди.
Тегерек столдун программасы.
«14» сентябрь 2018-жыл.
Темасы:
Окуу жайдын ишмердүүлүгүн коомчулукка жеткирүү жана социалдык өнөктөштүктү бекемдөө.
Максаты:
Окуу жай менен социалдык өнөктөштөрдүн тыгыз кызматташуусу менен бирдикте эмгек рыногу талап кылган компетенттүү, кесипкөй адистерди даярдоо.
<
>
2018-жылдын 28-ноябрында Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин
мугалимдери жана студенттери Балыкчы шаардык ишке
орноштуруу борбору тарабынан өткөрүлгөн
“Бош орундар жарманкесине” катышып,
Ысык-Көл областы боюнча бош орундар жөнүндө маалымат алышты.
<
>
2018- жылдын 4-декабрында Балыкчы шаардык мэриясы тарабынан уюштурулуп, Э. Думанаев атындагы маданият үйүндө шаарыбыздагы орто жана атайын кесиптик орто окуу жайлар арасында "Манас" эпосун жаштар арасында даңазалоо жана кеңири жайылтуу максатында өткөрүлгөн "Манас" таануу боюнча кароо - сынакка БКМ 3-18 тайпасынын студенттери менен катышып, ыраазычылык баракчасын алып келдик.
<
>
9-декабрь “Коррупцияга карты күрөшүү күнүнө” карата №22-лицей, УКМКнын кызматкери Намазов Э.Б., “Балыкчы” газетасынын кабарчысы Султангазиев А., Ысык-Көл телестудиясынын оператору Саманчиев С. жана ЫКИПКнын мугалимдери жана студенттери менен бирдикте “Биз коррупциясыз жашоо үчүн” деген темада тегерек стол өткөрүлдү.
<
>
Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата колледжде иш-чаралар жарыяланды.
Кулактандыруу илинди. Мында атайын ар бир тайпаларга дубалгазеталарын, дилбаяндардын, тесттердин сынагы жарыяланып, жыйынтыктары чыгарылды.
Чынгыз Айтматовго карата тайпаларга берилген тапшырмаларды ар бир тайпа
талапка ылайык жоопкерчилик менен аткарышты. Кураторлор да жакшы иш алып барышты.
<
>
Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата Балыкчы шаарынын мекеме- ишкана жана уюмдарынын арасында “Таланттарды издейбиз” аттуу кароо-сынак жарыяланган.
Кароо-сынактын шарттары:
1. Ч.Айтматовдун чыгармаларынан драмалык үзүндүлөрдөн аткаруу.
2. Ч.Айтматовдун чыгармаларына жазылган ырлардан аткаруу.
3. Ч.Айтматовдун чыгармаларынан суроо-жооп. 5 суроо калыстар тарабынан берилет.
Берилген шарттар боюнча биздин окуу жай 2018-жылдын 26-октябрында Балыкчы шаардык “Маданият үйүндө“ Ч. Айтматовдун “Кыямат” романынан үзүндү көрсөтүштү,
Ч. Айтматовдун чыгармаларына жазылган ырлар аткарылды жана калыстар тарабынан берилген Ч.Айтматовго тиешелүү 5 суроого тең өз дээңгелинде толук жооп берилди. Натыйжада эң мыкты аткарылган драмалык чыгарма деп табылып финалга жолдомо берилди.
Финалдык мелдештин жыйынтыгында биздин окуу жай биринчи орунга ээ болуп акчалай сыйлык жана “Ардак грамота” менен сыйланды.
<
>
2018-жылдын 14-декабрында БКМ 2-17 тайпасы тарабынан улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Аалам адамы - Ч.Айтматов" деген темада эскерүү кечеси болуп өттү. Эскерүү кечеге Балыкчы шаарынын мэриясынын өкүлү Н.Исагалиева катышты. Сахна Ч.Айтматовдун сүрөтү, чыгармалары, сыйлыктары көрсөтүлгөн банер, стенддер менен жасалгаланды. Ошондой эле залга жазуучунун ар бир чыгармасын чагылдырган дубал газеталар илинди. Кечеде Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы жана айткан накыл кептери чагылдырылган слайддар көрсөтүлдү. БКМ тайпасынын студенттери улуу жазуучунун ар бир чыгармасынын каармандарын сахналаштырышты. Жазуучунун он эки керемети жөнүндө кеңири айтып беришти. Эскерүү кечесинин аягында жалпы эле окуу жай ичинде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналып өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыктары чыгарылып, ар иш-чарага катышкан студенттер жана тайпаларга сыйлыктар тапшырылды.
<
>
Кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына карата Балыкчы шаарындагы орто жана атайын орто окуу жайларынын арасында өткөрүлгөн кароо-сынагына катыштык. Бул кароо-сынакка Ч.Айтматовдун “Бетме бет” повестинин үзүндү көрсөтүлдү.
Кароо-сынактын жыйынтыгында “Эң мыкты режиссура”, “Эң мыкты аялдын образы” номинациясын жеңип алып, акчалай сыйлык жана “Ардак грамота” менен сыйландык.
<
>
Балыкчы шаарындагы окуу жайлар арасындагы 23-февраль “Ата Мекенди коргоо күнүнө” карата “Эр жигит эл четинде” деген темадагы конкурска БУ 4-18 тайпасынын студенттери Жеңишов М., Амантуров Б., Дайыров У., ОП 8-18 тайпасынан Жолдошов С., Муканбетов У. катышышты.
Жогорку аталган студенттер жобонун негизинде өз өнөрлөрүн мыкты деңгээлде көрсөтүп, 11 команданын ичинен биринчи орунду жеңип алдык. Балыкчы шаарынын жетекчилиги тарабынан Ардак грамота жана 1 ООО сом акчалай сыйлык менен сыйландык.
<
>
Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде кышкы сессияны тапшыруу үчүн график түзүлгөн. Түзүлгөн графиктин негизинде экзамендер атайын видео-көзөмөл орнотулган кабинеттерде жана ассистентин катышуусунда алынды.
Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин
2018-2019- окуу жылынынын кышкы сессиясын өткөрүү
ГРАФИГИ
<
>
Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи «Кесиптик билим – келечекке ишеним!» деген темада Тоң району (астынкы, үстүңкү өрөөндөрү), Кочкор району, Ысык-Көл району, Балыкчы шаары боюнча 2018-ж. 25-апрелинен 27-апрелине чейин профориентациялык иштерин жүргүзүштү. Бардык барган мектептерге агитациялык баракчалар, брошюралар, маалымат кагаздары таратылды жана бүтүрүүчүлөрдөн анкеталар алынды.
27-апрель күнү Балыкчы шаары боюнча агит.бригада мүчөлөрү шаардын көп эл топтолгон жерлерине флешмоб уюштурду. Ушул эле флешмоб Кочкор районунун Кочкор айылынын борбордук бөлүгүндө жана мал базарында өткөрүлдү жана агитациялык баракчалар, брошюралар, маалымат кагаздары таратылды.
<
>
2018-жылдын 7-апрелинде Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде 9-май Жеңиш майрамынын 73 жылдыгына карата жөө жүрүш болуп өттү. Ага Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин жалпы жамааты жана студенттери катышты. Алгач Ж.Абдрахманов көчөсүндөгү Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналып тургузулган «Эне-бала» эстелигинде эскерүү митинги болуп, эстеликтин тактасына гүлдөр коюлду.
Жөө жүрүш «Эне-бала» эстелигинен башталып, Ж.Аманбаев көчөсүндөгү 7-апрель революциясында курман болгон баатырларга арналган мемориалдык эстеликке чейин болду.
Бул иш-чара фашисттик оккупанттарга каршы туруп, келечек муундардын жаркын жашоосу үчүн жанын аябай согушуп, курман болгон аталарыбыздын жаркын элесине арналды.
Жүрүштүн негизги максаты студенттерди, жалпы эле шаар тургундарын париоттуулукка тарбиялоо, Ата Мекенин сүйүүгө үндөө, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин ар дайым эскерип жүрүүсүнө өбөлгө түзүү болуп саналат.
<
>
Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи
17.11.2016-жыл окуу жайдын 30 жылдык мааракесине
карата өткөрүлгөн марафон жөнүндө маалымат
БИЛИМ УЯСЫНА -30 ЖЫЛ!
Ала-Тоонун бермети аталган касиеттүү көлүбүздүн алтын дарбазасы, айтылуу Калыгул акенин батасын алган, тогуз жолдун тоомунда жайгашкан Балыкчы шаарындагы Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи 30 жылдык мааракесин салтанаттуу түрдө белгиледи. Бул окуу жайы жөнүндө жакшы пикирлер Совет доорунан бери эле айтылып келет.
Эмесе бул билим уясынын көп жылдык сыймыктуу тарыхына назар салалы!
Кыргыз ССР министрлер Советинин 1979-жылдын 16-августундагы № 413 токтомуна ылайык Кыргыз ССРинин Жогорку жана атайын орто окуу жайлар министрлигинин 1979-жылдын 23-августундагы № 194 буйругу менен 1979-жылдын сентябрь айында ал мезгилдеги Рыбачье шаарында Фрунзедеги курулуш техникумунун филиалы болуп ачылган.
Филиал Рыбачье шаарындагы № 3 А.С. Макаренко атындагы орто мектебинин бир корпусунда жайгашкан. Филиалдын алгачкы жетекчиси болуп Турдукеев Мырзабек Сулайманович иштеген. 80-жылдары республикада турак-жай курулуштары кеңири өнүгө баштагандыктан, окуу жайы өндүрүш жана турак-жай курулушу адистиктери боюнча инженердик-техникалык кадрларды даярдоого өткөн.
Кыргыз ССРинин Жогорку жана атайын орто окуу жайлар министрлигинин 1986-жылдын 1- июлундагы № 244 буйругу менен филиал Рыбачье курулуш техникуму болуп, өз алдынча статус алып, кайрадан түзүлгөн.
1986-жылдын сентябрь айынан тартып, техникум жаңы салынган корпуста өз ишин уланткан. 1989-жылы окуу жайы Ысык-Көл индустриалдык техникуму деп аталып калды. Техникумдун тунгуч директору Душеев Мелис Душеевич 1986-жылдан 2007-жылга чейин эмгектенген.
Окуу жайдын алгачкы окутуучулары Турдукеев Мырзабек Сулайманович, Агибаев Абдрасул Сабырович, Деркенбаева Динара Кадыровна, Амурова Панагүл Абытаевна, Акунсартова Кайыр Кадыровна, Обонбаев Сагын Токушевич, Акчурин Искендер Айсанович жана Сотникова Наталья Ивановналар болушкан. Ошол жылдар ичинде окуу жайы техник-курулушчу, техник-энергетик, бухгалтер, кол эмгек мугалими, мейманканаларда туристтик тейлөөнү уюштуруу адистиктери боюнча көптөгөн адистерди даярдап чыгарган.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин
2008-жылдын 15-ноябрындагы № 10-4 буйругунун негизинде 2009-жылдын
8-июнунан тартып окуу жайы Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи деп аталган.
2007—2013-жылдары окуу жайын Өмүргазиев Токтогазы Өмүргазиевич жетектеп келген. Азыркы мезгилде колледж «Башталгыч класстардын мугалими», «Автотранспортто жүк ташууну уюштуруу жана башкаруу»,
«Экономика жана бухгалтердик эсеп», «Дене тарбия мугалими», «Мектепке чейинки билим берүү», «Тигүү кийимдерин конструкциялоо жана моделдөө», «Технология» адистиктери боюнча кесип ээлерин окутууда.
2013-жылдан бери Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде Жумабаева Бактыгүл Амановна жетекчилик кылып келүүдө. Педагогикалык коллективде 28 тажрыйбалуу окутуучу эмгектенет. Алардын ичинен 14 мугалим «Билим берүүнүн мыктысы» деген ардактуу наамды алып жүрүшөт.
1979 –жылдан бери 3597 бүтүрүүчү окуу жайын бүтүрүп чыгышып, өлкөбүздүн ар кандай тармактарында үзүрлүү эмгектенип жатышат.
Эми мааракеге кайрылсак, 2016-жылдын 17-ноябрында окуу жайдын чоң акт залында Ысык-Көл индустриалдык педагогикалык колледжинин
30 жылдыгына карата «Алгаласын окуу жайың, арышына салым кош!» аттуу марафон өткөрүлдү.
30 жылдык мааракеге жана марафонго Балыкчы мэриясынын, шаардык Кеңештин, Билим берүү бөлүмүнүн жана окуу жай менен кызматташ мекемелердин, мектептердин, бала бакчалардын, ишканалардын жетекчилери чакырылды. Ошондой эле студенттердин ата-энелери, окуу жайды мурун аяктап, ийгиликтүү иштеп жүрүшкөн бүтүрүүчүлөр келишти.
Окуу жайына 22 жыл жетекчилик кылган ардактуу пенсионер Душеев Мелис Душеевич жана анын жубайы, юрист болуп иштеп кеткен Сулайманова Гульсия Сулаймановалар келишип, жүрөктөн чыккан куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Юбилейлик иш-чарада колледждин директору Жумабаева Бактыгүл Амановна чыгып сүйлөп, бардык катышуучуларды окуу жайдын 30 жылдыгы менен кызуу куттуктап, ушул мезгилдин ичинде колледждин окуу –тарбия иштеринде жана материалдык-техникалык базасын чыңдоодо чоң ийгиликтер жаралгандыгын баса белгилеп көрсөттү.Өзгөчө окуу жай менен 2015-жылдан бери КР Билим берүү жана илим министрлигине караштуу башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигиги тарабынан ишке ашырылып жаткан Азия Өнүктүрүү Банкынын (АБР) долбоорунун II фазасына кирип, тыгыз иш алып барып жаткандыгын баса белгиледи жана АБР долбоору окуу жайга эки кесипчилик боюнча окуу кабинет жана мастерской, ошондой эле бир компьютердик класс заманбап ремонттон өткөрүлүп, жабдуулары менен кошо бериле тургандыгын айтып, бул долбоорду ишке ашырып жаткан АБРдин менеджерлерине чоң ыраазычылык билдирди.
Ушул күнү компьютердик класска 13 компьютер, принтерлер жана интерактивдүү доска келип, кабыл алгандыгын айтып жана окуу жай үчүн чоң белек болгондугун белгилеп, студенттерди жана жалпы жамаатты абдан кубандырды.
Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан марафондун максаты окуу жайдын материалдык-техникалык базасын чыңдоого кошумча каражат болоорун айтып, келген меймандарга ыраазычылык билдирди.
30 жылдык мааракеге Балыкчы шаарынын мэриясынын өкүлдөрү Н.Исагалиева, А. Калыков, С. Муканбетов, шаардык Кеңештин депутаты биздин бүтүрүүчү Усупов Бакыт, алыскы Бириккен Араб Эмиратындагы Дубай шаарында жашап, иштеп жүргөн бүтүрүүчү Шаңырбаева Мээрим, Камкордук кеңештин төрагасы Т.Д. Матанов, ата-энелер комитетинин төрайымы Аракеева Калыйкан, биздин бүтүрүүчү № 7 мектептин директору К. Керимова,
КР мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Н. Алдаяров, КГУСТАнын алдындагы колледждин директору Г. Бейшеевалар жана чакырылган бүтүрүүчүлөр, ата-энелер, куттуктоо сөздөрүн айтышып, өз салымдарын кошушту.
Келген меймандар куттуктоо сөздөрүндө окуу жайдын улам өсүп, шаар ичинде кадыр –баркы көтөрүлүп, кеңейип, ийгиликтерге жетишип, даярдалып жаткан адистердин деңгээли жылдан жылга жогорулап жаткандыгын, жергиликтүү жакынкы райондордогу тургундардын балдарынын окуусуна өтө ыңгайлуу экендигин жана элге керектүү жаңы адистиктердин ачылып жаткандыгын,
студенттердин окуусу үчүн жакшы шарттар түзүлүп жаткандыгын белгилешип, окуу жайдын директору Жумабаева Бактыгүл Амановнага жана жалпы жамаатка ийгиликтерди каалашып, ыраазычылыктарын билдиришти.
Иш- чаранын экинчи бөлүгүндө келген меймандарга окуу жайда экскурсия өткөрүлдү.
Иш-чаранын үчүнчү бөлүгүндө мугалимдер К. Жапаев жана
М. Айдаракуновалар даярдаган өнөрпоз студенттердин аткаруусундагы хорлор, ырлар, сценкалар жана бийлер меймандарга тартууланды. Мааракенин соңунда бардык келген конокторго сый тамак берилди.
Окуу жайдын 30 жылдык мааракеси жогорку деңгээлдеги уюшкандык менен өткөрүлдү.
Марафондон түшкөн каражат Камкордук кеңешинин чечими менен окуу жайдын окуу кабинетинин терезелерин алмаштырууга жумшалаары белгиленди.
<
>